• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

"Достук" бекетинде калкты тейлөө сапаты жакшыртылды – УКМК

Аймак 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. "Достук" бекетинде калкты тейлөө сапаты жакшыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишмердүүлүгүн текшерип, анын жүрүшүндө бекеттин толук кандуу иштешине тоскоол болгон бир катар факторлорду аныктап, жергиликтүү кызматтарга эскертүү берген.

Жыйынтыгында бекеттин айрым жерлеринде оңдоо иштери жүргүзүлүп, кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, калкты тейлөө үчүн чек ара кызматынын кызматкерлеринин саны 9 адамга көбөйтүлүп, алардын кызмат өтөө графиги кайрадан каралды.

Учурда УКМК тарабынан "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралууда.

Пикир

Оставить комментарий