• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Драматург Мар Байжиев АК ИЛБИРС киносыйлыгынын наамына татыды

Маданият 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. «Улуттук кинематографка кошкон салымы үчүн» номинациясы боюнча быйылкы АК ИЛБИРС киносыйлыгы драматург, сценарист, театр жана кино режиссеру Мар Ташимович Байджиевге ыйгарылат. Бул тууралуу АК ИЛБИРС улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири, кинематографисттер Уюмунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев билдирди.

Мар Байжиев – Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССР искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, СССР кинематографиясынын отличниги, КР Улуттук Киноакадемиясынын академиги, кыргыз киносунун башатында турган инсандардын бири. «Ак илбирстин тукуму» (реж. Т.Океев), «Нокдаун» (реж. Т.Раззаков), «Поезд дураков» (реж. М.Байджиев),, «Золотая осень» (реж. Т.Океев) ж.б. тасмалардын сценаристи жана режиссеру. Мар Ташимовичтин сценарийи боюнча тартылган тасмалар дүйнөлүк жана Союздук кинофестивалдарда бир топ сыйлыктарга ээ болуп келген.

«Улуттук кинематографка кошкон салымы үчүн» номинациясы боюнча АК ИЛБИРС киносыйлыгынын лауреаттары:

2012 –Кадыржан Кыдыралиев, кинооператор, КР Эл артисти.

2013 – Геннадий Базаров, кинорежиссёр, КР Эл артисти.

2014 –Болотбек Шамшиев, кинорежиссёр, СССР Эл артисти.

2015 –Сагын Ишенов сүрөтчү, режиссёр-аниматор, КР Эл артисти.

2016 – Нуртай Борбиев кинооператор, режиссер, КР Эл артисти.

VI АК ИЛБИРС улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи 14-апрелде «Манас» кинотеатрында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий