• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ДССУ AstraZeneca вакцинасын өзгөчө кырдаалдарда колдонууга уруксат берди

Дүйнө 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) өзгөчө кырдаалдарда COVID-19га каршы AstraZeneca/Oxford өндүргөн вакцинанын эки вариантын колдонууга уруксат берди деп айтылат ДССУнун дүйшөмбүдөгү жарыяланган билдирүүсүндө.

Белгиленгендей, препаратты дүйнөдөгү вакциналарды туура бөлүштүрүү боюнча COVAX программасында колдонууга болот. Вакциналардын бири Кореяда, экинчиси Индияда өндүрүлөт.

AstraZeneca формацевтикалык компаниясынын препараты өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн ДССУ расмий түрдө жактырган экинчи вакцина болуп калды.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий