• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

ДССУ дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан Марбург вирусу тууралуу эскертти

Дүйнө 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Дабасы жана вакцинасы жок, өлүмгө дуушар кылган Марбург вирусу Европага жетип, дүйнөгө коркунучун жаратууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Уюмдун директору Тедрос Адханомдун айтымында, Марбург вирусу дүйнө жүзүндө катталган төртүнчү ири эпидемия.

Уюмдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Руанда өлкөсүндө Марбург вирусунун 26 учуру катталып, өлкөнүн 30 аймагынын жетөөсүндө сегиз адам каза болгон. Ооругандардын көбү дарыгерлер.

ДССУнун баамы боюнча, улуттук жана регионалдык деңгээлде эпидемиянын чыгуу коркунучу өтө жогору, бирок глобалдык деңгээлде төмөн деп эсептелет. Марбург вирусу Эбола түрүнө кирип, клиникалык жактан ага окшош. Оору жемиш жеген жарганаттардан адамга жугат. Белгилерине катуу баш оору, ичтин оорушу, мурун жана ооздон кан кетүү кирет. Ошондой эле көптөгөн органдардын иштебей калышына алып келип, көп учурда мээ, жүрөк, бөйрөк жана өпкө ички органдары жабыркайт. Өлүмгө алып келүү ыктымалы 88 пайызга жетет.

Вирус түздөн-түз контакт аркылуу-жабыркаган тери же былжыр чел аркылуу, ошондой эле кан аркылуу жугат. Ооруган адам менен жөн эле баарлашып, кол алышкан учурда да жугуп калышы ыктымал.

Уюм белгилегендей, учурда Марбург вирусуна каршы вакцина жок. Дарылоо симптоматикалык түрдө жүргүзүлүп, иммунитетти колдоочу дары-дармектер колдонулат.

Маалымат үчүн: Оору биринчи жолу 1967-жылы Марбург, Франкфурт-на-Майне жана Белград шаарларында катталган. Инфекция лабораторияга Угандадан алынып келинген Cercopithecus жана aethiops маймылдарын кесүү учурунда катталган.

Пикир

Оставить комментарий