• 87
  • 91.29
  • 0.84

ДССУ Европада коронавирус күчөп жатканын эскертти

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус күч алганына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун Европа бюросунун директеру Ханс Клюге чөлкөмдө кийинки жылдын башында дагы жарым миллион адам COVID-19дан көз жумушу мүмкүндүгүн эскертти.

"Европа аймагындагы 53 өлкөдөгү вирустун жайылуу темпи олуттуу камтамачылык жаратууда. COVID-19ду жугузуп алгандардын саны кайрадан рекорддук деңгээлге жакындап баратат. Европада жана Борбор Азияда коронавирустун "Дельта" варианты үстөмдүк кылууну улантууда", - деди Ханс Клюге.

Ал мындай жагдайга эмдөөнүн солгун жүрүшү жана коомдук жайларда санитардык эрежелердин сакталбай жатышы себеп болгонун белгиледи.

Соңку апталарда Европанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү Румыния, Украина сыяктуу бир катар мамлекеттерде коронавирусту жугузуп алгандардын саны өсүүдө.

Украинада соңку бир сутка ичинде 27 399 адам коронавирусту жугузуп алды. Бул пандемия башталгандан берки өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Орусияда соңку бир сутка ичинде 1195 киши COVID-19дан көз жумду. 2020-жылдын башынан бери өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын бир күндүк саны мынчалык жогору чекке жете элек болчу.

Пикир

Оставить комментарий