• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Дубайда кыргызстандыктар арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Дубай шаарында кыргызстандыктар арасында футбол боюнча "Ынтымак кубогу" мелдешт өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Спорттук иш-чара Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилигинин, Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле БАЭдеги кыргыз диаспорасынын активисттеринин демилгеси менен уюштурулган.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КР Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына арналды.

Турнирди Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев салтанаттуу түрдө ачып, иш-чаранын БАЭде жашаган мекендештердин биримдигин чыңдоого кошкон зор салымын билдирди.

Элчи Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана КР эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы кыргыз элинин эркиндикке жана өзгөчөлүккө умтулуусун символдоштурган өлкөнүн тарыхында маанилүү этап болуп саналарын өзгөчө белги леди. Ал бардык катышуучуларга диаспоранын ишине активдүү катышкандыгы жана мелдешти уюштуруу үчүн көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулунун милдетин аткаруучу М.Турсалиев жана Абу-Даби жана Дубай шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Катышуучулардын айтымында, бул иш-чара БАЭде жашаган Кыргызстандын жарандарын бириктирүүгө кызмат кылып, маданий жана тилдик мурастарды сактоого салым кошот.

Турнирге 200гө жакын мекендештер жана коноктор катышты. Спорттук мелдешке 8 футбол командасы катышып, иш-чаранын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө ардак грамоталар тапшырылып, бардык катышуучулар үчүн фуршет жана кечки тамак-аш уюштурулуп, катышуучулардын достук атмосферасына жана жылуу маанайына жагымдуу шарттар түзүлдү.

Катышуучулардын демилгеси менен, диаспоралар арасындагы байланышты бекемдеген мелдеш жыл сайын өтүүчү салтка айлануу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий