• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Душанбеде жаңы курулуп жаткан турак жайлар оорукана катары пайдаланылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Душанбе мэри Рустам Эмомали шаарда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларды ооруканага ылайыкташтырып бүткөрүүнү тапшырды.

Бул объектилер коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды дарылоо үчүн колдонулат.

Мэр борбор калаадагы бир нече курулуш объектисин кыдырып чыкты. Маалыматка караганда, жакында бүктөнү калган алты кабат турак жай үч күн аралыгында пайдаланууга берилиши керек. Оорукана 600 бейтапты тейлөөгө ылайыкташтырылат.

Калаа башчысы мындан башка сегиз кабаттуу турак жайды да бир айда оорукана катары пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Буга чейин Рустам Эмомали COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн убактылуу госпиталдарды даярдоо зарылдыгын айткан.

Тажикстанда 6-май күнү кечинде коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 379 кишини түздү, 8 адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий