• 87
  • 89.63
  • 0.85

Дыйкан чарба башчысы президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 31-июль /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Борборшайкомго КР президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн “Бөлтүрүк” дыйкан чарбасынын башчысы – Бөлтүрүков Өмүрбек Аяпбергеновичтен арыз түштү.

31-июлга карата БШКга КРнын өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн 42 жаранынан арыз түшкөн: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К.Мактымбаев,М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э. Зарлыков, Т. Өмүралиев, А.Айтикеев, Т. Кожогулов, П. Кенжекулов, А. Мансуров, М. Иманкулов, Ө.Бөлтүрүков.

-10 саясий партиянын КР Президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү чечими: Т.Сариев – “Ак-Шумкар”, Б.Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс”, Турсунбек Акун – “Адам укугу”, А.Мадумаров – “Бүтүн Кыргызстан”, С.Жээнбеков – “Кыргызстандын социал-демократтар партиясы”, А.Келдибеков жана К.Ташиев – “Патриоттук партиясы "Ата-Журт”, И.Масалиев – Кыргызстандын коммунисттер партиясы, Т.Асанбеков – “Мекен Ынтымагы”, Т. Акимов – “Чон казат”, К.Исаев- "Кыргызстан".

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий