• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. 29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 499 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 751 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 331 млн сом суммасында 8 миң 206 субъектти түзөт;
  • өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 420,31 млн сом суммасында 1 миң 293 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда. Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.

2024 – жылдын 29-августуна карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

Пикир

Оставить комментарий