• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Дыйкандарга суу жеткирүүдө жоопкерчиликти аныктоо керек

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бишкекте өлкө боюнча келген дыйкандардын, Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) жана мамлекеттик органдардын катышуусунда атайын тегерек столдо дыйкандарга сугат сууну жеткирүүдөгү эң негизги көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун талкууга алышты.

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымында, СПАлардын ишмердүүүгүндө көптөгөн көйгөйлөр пайда болууда жана аларды жакшыртуу абзел.

Өтө чоң көйгөй болгон каржы маселелерин кароо, ошол эле Айыл өкмөттөрү менен СПАлардын ортосундагы карым-катнаштарын, каржылоо маселелерин карадык. Бул абдан керектүү мыйзам долбоору. Көптөгөн адистер менен практиктердин көз караштарын угуп, талкууларды өткөрүп, долбоорду өөрчүтүп, жаңы майзамдарга ылайыктуулугун да карап чыгуубуз керек”, – дейт Мукашев.

Мукашевдин пикирин СПАлардын улуттук биримдигинин жетекчиси Эркинбек Кожоев да колдойт. Анын айтымында суу жетпеген жерлер көп, бир эле жерде 9 миңден ашуун талаага суу жетпей калган.

“Бул жерлер иштетүүгө кириши керек. Субсидиябы, дотациябы, айтор натыйжалуу иш болуусу керек. Анан гана эффект болот. Бул үчүн мыйзамга өзгөрүү киргизүү долбоору кабыл алынуусу керек”, – дейт Кожоев.

Көйгөйдү жер-жерлерде терең изилдеп, көптөгөн суу пайдалануучулар менен дыйкандардын башын бириктирген Демилгелүү топ атайын мыйзамдарга өзгөртүү иштеп чыккан. Ал ички чарбалык сугат тутумдарына сугат сууну жеткирүү үчүн экономикалык жактан туруктуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул иштерди изилдеп, тажрыйба бөлүшүп, мыйзам долбоорун иштеп чыгууга катышкан эксперт Асылбек Чекиров бул долбоор көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачып берет дейт.

“Сугат суу боюнча мамлекеттин жоопкерчилиги ар бир дыйкандын талаасына жеткирүүгө чейин кеңейиши керек. Бүгүн мындай жоопкерчилик каралган эмес, атүгүл мамлекеттик стратегияда да бир да көрсөткүч каралган эмес. Жоопкерчилик жок деген бул ээси жок дегенди түшүндүрөт”, – дейт Чекиров.

Эксперттердин айтымында, мамлекет 5700 чакырымды түзгөн чарбалар аралык каналдарды оңдоп-түзөөгө болгон чыгашанын 90% республикалык бюджеттен карап келет. Бирок 23200 чакырымды түзгөн ички чарбалык каналдарды коомдук уюм болгон СПАлардын гана жоопкерчилигине берип коюп, аларды каржылоого түз катышпай келет. Болгону 10%га жакын чыгымдарды каржылоого Дүйнөлүк банктын насыясы аркылуу гана көмөгүн көрсөткөн.

“Демек Дүйнөлүк Банктын гана көзүн карап келебиз, калган акчалар – дыйкандардын акчалары. Мыйзамда республикалык же жергиликтүү бюджеттен СПАларга тиешелүү ички чарбалык каналдарды каржылоо каралган эмес, ага жол берилбейт. Андыктан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул каналдарды куруу, колдонуу жана оңдоо иштерин ар кандай булактардан каржылоо үчүн укуктук негиздерди түзүү каралган”, – дейт Асылбек Чекиров.

Мындан тышкары сугат объектилеринин менчик статусу боюнча чечимди СПАлар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨАБ) органдары өз ыктыяры менен кабыл алууга жол ачуу каралган. Эгерде дыйкандар өз ыктыяры менен ички сугат суу каналдарын ЖӨАБдын менчигине өткөрүүнү жана сугат сууну өз уставына жергиликтүү маанилүү маселе катары киргизүүнү каалашса, анда жергиликтүү кеңештер мындай чечимди кабыл алууга укуктуу болуулары абзел, жана мыйзам долбоорунда каралган.

“Дагы маанилүү маселе – бул дыйкандардан сугат суу төлөмдөрүн чогултуу. Учурда эгерде дыйкан төлөбөсө, аларга каршы СПАлар сотко берүүдөн башка эч кандай чара көрө албайт. Ал эми сотко белгилүү себептерден улам эч ким кайрылбайт. Андыктан мыйзам долбоорунда СПАлардын жана суу колдонуучулардын келишимдик милдеттерин аткарууда жоопкерчиликти жогорулатуу да каралган”, – деп билдирди эксперт Чекиров.

Бул өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын “Суу кодексине”, “Бузуулар кодексине” жана "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери жөнүндө" мыйзамына киргизүү сунушталууда. Бул мыйзам демилгеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, коомдук талкууга чыккан. Кеңири маалымат Демилгелүү топтун атайын баракчасында жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий