Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарында уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.
Мелдеш 29-30-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.
Мелдеш 16 салмак категорияда: 8 салмак категория (50, 55, 60, 66, 73, 81,90 кг жана 90 кг жогору) уландар арасында жана 8 салмак категория (44, 44, 48, 52, 57, 63, 70 жана 70 кг жогору) кыздар арасында өтөт.
Пикир
Оставить комментарий