Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү "TOKYO GRAND SLAM" эл аралык мелдешине катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнир 7-8-декабрь күндөрү Токио шаарында болот.
Кыргыз спортчулары 73, 81 жана 100 килограмм салмак категориясында күч сынашат.
Алар Муса Шабданбеков, Чыңгызхан Сагыналиев жана Ратбек Жуманазаровдор. Курама команда башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимовдун жетекчилиги алдында килемге чыгат.
Пикир
Оставить комментарий