• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЕӨАКтин эмки отурумун Ереванда, андан кийинкисин Ысык-Көлдө өткөрүү сунушталды

Коом 0

Алматы, 01.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кийинки отуруму Арменияда өтөт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өтүп жаткан кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, армян тараптын сунушу менен кезектеги отурум Ереванда өтөт.

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Еревандан кийинки жыйынды Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүнү сунуштайм", – деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий