• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эңилчек айылындагы мектептен өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 03.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта саат 9:00дө Ак-Суу районунун сырт аймагында жайгашкан Эңилчек айылында жергиликтүү мектептин имаратынан өрт чыккан.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өрт учурунда имаратта адамдар болгон эмес.

Мектепте 23 окуучу билим алат. Мектеп имараты 1980-жылы кирпичтен курулуп, 4 класс, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана актовый залдан турат.

Учурда, окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө эч коркунуч жок.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, бул кырсыкаа байланыштуу тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коопсуздукту камсыздоо жана окуу процессинин үзгүлтүккө учурашына жол бербөө боюнча так тапшырмаларды берди.

Учурда жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары өрттүн келип чыгуу себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Окуу процесси үзгүлтүккө учуратпоо максатында, айыл өкмөттүн имаратында убактылуу билим алышат.

Кошумча маалымат жеткиликтүү болгондон кийин берилет.

Пикир

Оставить комментарий