• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕАӨБ 2 комбанк аркылуу Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести каржылайт – Бельянинов

Экономика 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн Кыргызстандын эки комбанк менен иштейт. Бул тууралуу Евразиялык ММКдын II конгрессинде ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов билдирди.

Анын айтуусунда, банктардын чакан жана орто бизнес менен болгон чабал ишин көп учурда сындап келишет. "Биз финансылык инструменттер менен иштей алабыз. Кыргызстанда өнөктөшүбүз бар - Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду. Биз чакан жана орто бизнести каржылоо максатында Кыргызстандагы эки банк менен иштешебиз. Бул өлкө экономикасын жакшылап билип жана ар кандай тобокелдиктердин алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан нормалдуу жол", - деп түшүндүрдү ал

Андан тышкары Бельянинов билдиргендей, 2018-жылы инвестициянын көлөмү 1,6 млрд. долларды түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп.

Ал түшүндүргөндөй, банктын кредиттик портфельеси 3,6 млрд. долларды түзүп, 18% өскөн.

ЕАӨБ катышуучулары болуп ЕАЭБге кирген өлкөлөр жана Тажикстан эсептелет.

Банктын уставдык капиталы 7 млрд. долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий