ЕАӨБ Борбор Азиядагы суу жетишсиздигинен чыгуу үчүн күч-аракетин бириктирүүдө

Аналитика 0

Борбор Азиядагы суу өнүгүүнүн, жашоонун жана тынчтыктын негизги фактору болуп саналат. Гидроресурстардын жетишсиздигинин шартында аймакта ГЭСтер тарабынан иштелип чыккан кубаттуулуктун бир кыйла бөлүгүн жоготуп алуу жана сугат жерлеринен ажырап калуу коркунучу бар. Башкача айтканда, климатологдор болжолдогон кургакчылык жана узак убакыт суунун аз болушу Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.

Ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өнүктүрүү банкынын бизнес-форумундагы сессиялардын бири аймактагы мамлекеттер аралык өнүгүүнүн маанилүү шарты катары суу-энергетикалык баланска жетишүүгө арналды. Албетте, аймактагы суунун тартыштык маселеси өз ара ишеним жана урматтоо принциптеринде биргелешип чечилиши керек. Бул ыкма "Камбар-Ата-1" долбоорун ишке ашырууда негиз катары кабыл алынган, анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ири ГЭСти куруу үчүн консорциум түзүшкөн. Ошентип, жалпы кызыкчылыктардан улам анын дамбасы суу сактоочу жана сезондук суу ресурстарын жөнгө салуучу катары да кызмат кылмай болгон.

"Негизги суу сактагычтын иштөө режими коңшу мамлекеттердин сугат муктаждыктарын канааттандырат. Бул сууну кышында топтоого, ал эми жайкысын аны көзөмөлдөө менен сугатка жана Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасы үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет. Мунун баары Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет", - деп белгилейт ЕАӨБдүн тармактык талдоо борборунун жетекчиси Арман Ахунбаев.

Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктеринин божомолуна караганда, 2029-жылга чейин Борбор Азия суунун өнөкөт тартыштыгы жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүнө туш келүүсү мүмкүн. Мындай абалга келүүгө шаарлардын аймагынын өсүүсү, климаттын өзгөрүшү жана аймактагы калктын өсүшү болду. Камбар-Ата-1 ГЭСи 5,4 млрд куб метр көлөмдөгү жана 1860 МВт долбоордук кубаттуулуктагы суу сактагычы менен албетте, көйгөйлөрдүн олуттуу бөлүгүн жоюуга мүмкүндүк берет. Бирок, алар ири ГЭС качан ишке кирерин жана бул объектке жүктөлгөн милдеттерди толук аткара аларын азыр так айта алышпайт. Аны курууга, ишке киргизүүгө жана сууну топтоо үчүн бир нече жыл талап кылынат.

ЕАӨБдөн баса белгилешкендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн запасында бир нече гана жыл бар экенин эске алып, "Камбар-Ата – 1" долбоору жалпы стратегиянын элементтеринин бири, суу коопсуздугуна комплекстүү мамиленин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Чечим тез жана макулдашылган түрдө кабыл алынышы керек. Эң негизгиси, алар натыйжалуу болушу керек, климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында Борбор Азияда 5 жылдын ичинде пайда болушу мүмкүн болгон кургакчылыктын жана суунун аз болушу экономика жана социалдык чөйрөлөр үчүн кайтарылгыс кыйратуучу процесстерге жана аймакта жашаган он миллиондогон адамдардын жашоо шартын начарлоосуна алып келбеши керек.

Бул контекстте ЕАӨБдүн колдоосу менен Нарын облусунда Куланак ГЭСи курулуп жатканын эске сала кетели. Кубаттуулугу 100 МВт болгон бул станция энергиянын тартыштыгын гана азайтпастан, курулуп жаткан дамбанын эсебинен Кыргызстандын эң түндүк аймагындагы сугат жерлеринин аянтын бир жарым эсеге көбөйтөт. ЕАӨБ аталган долбоорго 44 млн АКШ долларын бөлгөн. Бул аймактагы тездик менен өзгөрүлүп жаткан глобалдык климаттын кесепеттерин нейтралдаштыруунун ачык мисалы. Бирок, бул практиканы бардык жерде жана кеңири масштабда, аймактын бардык өлкөлөрүндө жайылтуу керек, ошол эле учурда долбоорлорду бири-бири менен макулдашып, станциялардын иштөө режимдери жана трансчегаралык дарыялардагы суунун өтүшү боюнча аймактык масштабда консенсуска келүү керек.

Мунун бардыгына сугат тармактарынын канааттандырарлык эмес абалы кошулду. Жөн эле жерге казылган арыктар аркылуу суугаруу суунун дээрлик 40 пайызга чейинки жоголот. Суунун жарымынан бир аз көбү талааларга жетет, калганы жолдо жоголуп, түз маанисинде эч кандай пайда алып келбейт. Ирригацияны жакшыртуу жана инновациялык ирригациялык системаларды колдонуу олуттуу каржыны талап кылган дагы бир тармак болуп саналат.

Бизнес-форумдун ачылыш аземинде ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов белгилегендей, аймакта ирригациялык жабдууларды өндүрүүнү локалдаштыруу аркылуу бардык жерде сууну үнөмдөөчү технологияларды арзан (жоготуулардын жарымынан көбүн азайтуу) гана эмес, ошондой эле аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө болот.

Аймак суу тартыштыгынын босогосунда турат. Бир нече жылдан кийин ал өнөкөт суунун жетишсиздигинин фазасына кириши мүмкүн. Ал эми акыркы жылдары аймактагы өлкөлөрдүн бийликтери бул коркунучка өтө олуттуу көңүл бурушуп, маанилүү практикалык кадамдар жасалууда.

“Бир дагы эл аралык ири өнүктүрүү банкы миллиарддаган АКШ долларына инфраструктуралык объектини ГЭС болобу, же транспорттук түйүн болобу жалгыз кура албайт. Өзгөчө эл аралык өнүктүрүү банктарынын кызматташуусу пайдалуу, мында узак мөөнөттүү эл аралык күч-аракеттер керек. Мындай долбоорлордо эл аралык банктар казык функциясын аткарышат. ЕАӨБдүн стратегиясы 2026-жылга чейин акционер өлкөлөрдүн экономикасына дээрлик 11 млрд АКШ долларын инвестициялоону камтыйт. Аймактын алдында турган чакырыктар глобалдуу. Ал эми бул жерде күчтөрдү бириктирбей туруп, ишке ашыруу мүмкүн эмес", - деди Николай Подгузов.

Учурда өлкөлөрдүн энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз байланышкан суу маселесин чечүүнүн жолдорун издөө ар кандай форматтарда жана ар кандай деңгээлде жүрүп жатат. Бирок, эң негизгиси эң терс сценарийдин алдын алууга болорун так түшүнүү бар, бирок бул үчүн биз иштеп, күч-аракетибизди бириктирип, көйгөйлөрдү биргелешип чечишибиз керек.

"Өткөн жылдагы аймактагы суу көйгөйү жакынкы жылдардагы номер биринчи тема экенин көрсөттү. Бул ар дайым риторикалык деңгээлде болгон, бирок өткөн жылы көзгө көрүнгөн бурулуш болду. Бул учурдун талабы болчу, анткени масштабдуу чараларды көрүүгө 4-5 гана жыл убакыт бар", – деп баса белгиледи ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

Талкууга катышып жаткан эл аралык түзүмдөрдүн жана каржы уюмдарынын өкүлдөрү жакынкы келечекте көрүлө турган кечиктирилгис чаралардын катарына сугат суунун агымын санариптик эсепке алуу технологияларын киргизүү керек деп эсептешет. Эксперттердин айтымында, бул дароо 10-12% үнөмдөөнү камсыз кылат. Ирригациялык системаларда суунун жоголушун алдын алуу үчүн каналдарды бетондоп, атайын материалдар менен жабдуу керек.

Андан ары биз консенсуска келип, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө сууну үнөмдөөнүн комплекстүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн бирдиктүү күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Анын ичинде ГЭСтерди, суу сактагычтарды куруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн талааларды инновациялык пландаштыруу сыяктуу чечимдер бар. Аймактагы суу таза энергия өндүрүүгө да, азык-түлүк коопсуздугун өндүрүүгө да жетиши керек. Эгер макулдашуу менен издесе чечим табылат.

"Кабар" маалымат аналитикалык борбору

Пикир

Оставить комментарий