• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Финансылык контролдук жогорку органдары коллегиялык отурум өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 28.11.22./Кабар/. Кыргызстандын Эсептөө палатасынын, Армениянын Аудитордук палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин, Казакстандын Жогорку аудитордук палатасынын, Россиянын Эсептөө палатасынын коллегиясынын биргелешкен отуруму болуп өттү.

Жолугушууда 2021-жылдагы ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын “Тыштан алынып келинген бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү жана аларды мамлекеттердин бюджетине которуунун тартибижөнүндө” Протоколун аткарууну биргелешип көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыгы талкууланды.

Көзөмөлдөө иштери ​КР Эсептөө палатасынын төрагалыгынын алдында үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып ноябрга чейин болуп өткөн.

Коллегиялдардын биргелешкен отуруму онлайн режиминде өттү.

КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өз сөзүндө жолугушуунун катышуучуларына 2021-жылы дүйнөлүк экономиканын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүү тенденциялары менен тааныштырып кетти.

2021-2022-жылдардагы макроэкономикалык саясаттын максаттуу маанисине жетишүү 4,1% прогноздон 4,6% деңгээлине жеткендиги жөнүндө баса белгиленди. КР Эсептөө палатасынын төрагасынын айтуусу боюнча, бюджеттин дефицитин кыскартуу жагынан бюджеттик саясаттын ирээти менен турукташуусу башталган.

Отурумдун негизги баяндамачысы КР ЭП аудитору А.Байгазаков жолугушуунун катышуучуларын биргелешкен көзөмөлдөө жыйынтыктары менен тааныштырды. Отчеттук мөөнөттө ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары (Армения Республикасынын финансы министрлиги, Беларусь Республикасынын финансы министрлиги, Казакстан Республикасынын казына Комитети, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Борбордук казынасы, Федералдык казынанын региондор ортосундагы операциялык башкаруу) тарабынан негизинен ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ортосунда тыштан алынып келинген бажы алымдарын чегерүү, ошондой эле тыштан алынып келинген бажы алымдарынын суммасынбөлүштүрүү тартиби сакталган. 2021-жылы ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин бюджетине тыштан алынып келинген бажы алымдарынын эсеби 13,5 млрд. долл. түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 2,3 млдр. долл. же 20,5%га өстү, алардын ичинен өсүү темптери: АрменияРеспубликасы – 31,0%, Белорусь Республикасы – 3,3%, Казакстан Республикасы – 20,0 %, РоссияФедерациясы – 20,5% жана баарынан көп бюджетке болгон кирешелердин өсүүсү Кыргыз Республикасында болгон – 98,% же дээрлик 2 эсеге өскөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында коллегиялардын мүчөлөрү бир добуштан биргелешкен көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитишти жана тиешелүү чечимдер кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий