ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекте кой эти арзан болсо, уй эти, сүт кымбат — Статком

Экономика 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын ноябрь айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Москва шаарында негизги азыктардын орточо баасы башка борбор шаарларга караганда кымбат болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинен картошканын максималдуу орточо чекене баасы Москва шаарында катталды. Анда картошканын 1 кг – 0,56 АКШ долларды түздү. Ал эми минималдуу баа Астана шаарында белгиленди. Ал жерде картошканын 1 кг – 0,30 АКШ долларга сатылууда.

Ушул эле мезгилдин ичинде уй этинин, пастеризацияланган сүттүн жана биринчи сорттогу ундун эң төмөнкү баасы Минск шаарында, жумуртканын жана нандын эң төмөнкү баасы Астана шаарында байкалды. Ак каймак майынын (1 кг – 5,12 АКШ доллар) жана кой этинин эң төмөнкү баасы (1 кг – 6,16 АКШ доллар) Бишкек шаарында катталды.

Бишкекте уй этинин орточо чекене баасы Минсктен 25,1 пайызга, Астанадагы баадан 6,2 пайызга, ал эми пастеризацияланган сүттүн баасы Минсктен 21,5 пайызга, Астана шаарында байкалган баадан 20,4 пайызга жогору болду.

Бишкекте жумуртканын орточо керектөө баасы Астанадан 11,6 пайызга, биринчи сорттогу ундун орточо керектөө баасы Минсктен 9,4 пайызга, биринчи сорттогу ундан жасалган нан 44,0 пайызга, картошканын орточо керектөө баасы Астанадан 21,1 пайызга жогору болду.

Пикир

Оставить комментарий