• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

ЕАЭБ өлкөлөрү жарандык авиация тармагында мыйзамдык мамилелерди жакындатууга макулдашты

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр жарандык авиация тармагында мыйзамдык мамилелерди жакындатууга макулдашты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 1-октябрда Ереван шаарында өткөн Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында евразиялык “бештик” өлкөлөрүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө жарлыкты жактырышты.

Кабыл алынган документке ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү 2025-жылдын 1-январына чейин мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) учактын учууга жарактуулугу чөйрөсүндөгү нормаларына жана принциптерине ылайык келтирүү боюнча иштерди уюштурат.

“ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекетинин аймагына учууга жарактуулугу жок же учууга жарамдуулугун убактылуу жоготкон учагын которууда билдирүүнүн тартиби, ошондой эле мындай учактын учууга уруксат берүүнүн негиздери аныкталат. ЕӨАК буйругу ИКАОнун стандарттарына жана колдонуудагы мамлекеттик практикага таянуу менен, учууга жарактуулугу сертификаты жок же убактылуу жарактуулугун жоготкон аба кемеси үчүн маалымдоо тартиби жана учууга уруксат берүүнүн негиздери боюнча макулдашылган эрежелерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Андан кийин мүчө-мамлекеттер улуттук мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү уюштурат”, - деди Арзыбек Кожошев.

Ошондой эле ал буйрукту ишке ашыруу ЕАЭБ мейкиндигинде аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий