ЕАЭБ менен Кыргызстандын соода-экономикалык алакасы артты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. 29-майда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Евразия экономикалык биримдигинин күнүн белгилешет. 2014-жылы бул күнү Казакстанда ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлган. Евразия экономикалык биримдигинин күнүн белгилөө жөнүндө демилгени 2022-жылы президент Садыр Жапаров сунуштаган. Демилге евразиялык "бешилтиктин" башка төрт өлкөсүнүн – Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын башчылары тарабынан бир добуштан колдоого алынган. Биримдиктин мамлекеттеринин ортоктоштугун бекемдөө жана алардын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү оң натыйжаларга алып келди. Туура он жыл аралыгында Евразия экономикалык биримдиги Евразия мамлекеттеринин кызматташтыгынын негизги аянтчасына айлана алды. “Кабар” агенттиги бул маанилүү күндү утурлай экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыровго бир катар суроолорду узатып, маекке тартты.

Саламатсызбы? Евразия экономикалык биримдигине быйыл 10 жыл болду. Уюм түзүлгөндөн тарта кандай ийгиликтерге жетишти, биримдикке мүчө мамлекет катары Кыргызстанга кандай пайда берди?

– 10 жыл ичинде Евразия экономикалык биримдиги экономикалык туруктуулукту сактап, аймакта азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кыла алды десек болот. Биримдикте товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылына шарттар түзүлдү. Кыргызстан биримдикке мүчө болуп киргенден бери интеграциянын жана тышкы сооданын көбөйүшүнүн оң жыйынтыктарына жетише алды. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 6,2%га өсүп, дээрлик 1,3 трлн сомго жетти. ЕАЭБдин алкагындагы келишимдерге ылайык, Кыргызстанга мунай заттары туруктуу жана үзгүлтүксүз алып келинүүдө. Биздин мамлекеттин күйүүчү майга болгон жылдык керектөөсү 1 млн 300 миң тонна деп эсептелинет. Анын дээрлик 90%ы Россиядан ташылып келет. Андан тышкары, жаратылыш газы да үзгүлтүксүз камсыздалат. Ошондой эле азык-түлүк продукцияларын көбүнесе Россиядан жана Казакстандан алып жатканыбыз көп жеңилдиктерди берип жатат. ЕАЭБге кирбей калсак эмне болмок? деген суроо көп айтылат. Менин оюмча, ЕАЭБге кирбей калсак, мына ушул жогоруда айтып өткөн нерселердин бардыгын алууда бир катар тоскоолдуктар жаралмак. Алардын баалары туруксуз болуп, соода алмашуу бир топ эле кыйындамак.

Статискалык көрсөткүчтөрдө Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортунун көлөмү жогору бойдон калууда. Экспорттун 80%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келип жатат. Он жылдын ичинде Кыргызстан экономикалык өсүштөргө жетүү үчүн биримдик аркылуу рынокко чыгуу жөндөмдүүлүгүнө кантип жетише алды?

– Биз техникалык регламент менен иштөөнү жолго кое алдык. Дүйнөлүк стандарттарга ылайык иштелип чыккан продукцияларды ЕАЭБ базарына сатууну жакшы өздөштүрүп кеттик. Он жылдын ичинде сапаттуу продукцияларды чыгарып, аларды ЕАЭБге гана эмес, АКШ, Европа мамлекеттерине, Кытайга сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөргө ээ болдук. Андан тышкары, он жылдыкта Кыргызстан уюмга төрагалык кылган жылдары, айрыкча 2022-жылы жакшы демилгелерди көтөрүп, сунуштарды ортого салды. Ошол демилгелердин бардыгы мүчө мамлекеттер тарабынан колдоого алынып ишке ашып жатат. Мында ЕАЭБдин алкагында өндүрүш кооперацияларды жүргүзүүгө шарттар түзүлүүдө. Муну менен бирге Кыргызстандын экспортунда текстиль, кийим-кече, бут кийим, пластмасса жана таштан жасалган буюмдар сыяктуу кошумча наркы жогору товарлардын көлөмү өсүүдө.

Биримдиктин ичинде транспорттук, логистикалык жана санариптик инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү боюнча макулдашууларды аткарууда Кыргызстан үчүн кандай жетишкендиктер болду деп ойлойсуз?

Ооба, санариптештирүү процессинде ЕАЭБге жана үчүнчү өлкөлөргө тез ташууларды камсыздоо үчүн санариптик ыкмаларды колдонууга артыкчылыктар берилди. Санариптештирүүнүн аркасы менен биздин мамлекетте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен бюджетке салыктарды түшүрүү жакшы жолго коюлуп калды десек жаңылышпайбыз. Өзүбүздүн эле каражаттарга мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, жолдор салынууда. Аны менен катар айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү колдоо аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу бекемделүүдө. Таза, органикалык продукциялардын ашкандарын ЕАЭБге экспорттоого мүмкүнчүлүктөр ачылды.

– Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий