• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын майында Беларусь Республикасын жана Арменияны кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,9 пайызга) азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (2,3 пайызга) өсүшү менен шартталды.

2023-жылдын майында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (4,8 пайыз) Казакстанда катталды, мында азык-түлүктөрдүн баалары эң көп (5,6 пайызга) өскөн. Ошол эле убакта азык-түлүк эмес товарлардын (4,9 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларынын максималдуу өсүшү (5,2 пайызга) Кыргызстанда катталды.

Пикир

Оставить комментарий