• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган Протокол менен 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына электрондук соода товарларды ташып келүүнүн тартибин жана шарттарын, аларды ЕАЭБдин бажы аймагында жайгаштырууну жана пайдаланууну, бажы операцияларын жүргүзүүнү, электрондук соода товарларды убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого жана чыгарууга, электрондук соода товарларга карата бажылык бажы кампасынын жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле бажы алымдарын колдонууну аныктайт.

Мындан тышкары, Протокол бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы институтту жана иштин түрүн – электрондук соода операторун түзүүнү карайт, ал мүчө-мамлекеттин аймагында электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүзөгө ашырат жана бажы органы тарабынан электрондук соода операторлорунун реестрине киргизилет. Ошондой эле, Протокол электрондук соода операторуна талаптарды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий