• 87
  • 90.55
  • 0.84

ЕБ лидерлери экономиканы калыбына келтирүү боюнча чараларды талкуулоодо

Дүйнө 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Брюсселде үч күндөн бери Европа биримдигинин (ЕБ) саммити уланууда.

Максаты — коронавирус пандемиясынан кийин экономиканы калыбына келтирүү боюнча чаралардын топтомун кабыл алуу.

Саммиттин катышуучулары үч күндөн бери коронавирустан көбүрөөк жабыркаган Европа өлкөлөрүнө жардам берүү үчүн 750 миллиард евролук фонд түзүү жана биримдиктин жакынкы жети жылдагы бюджетин бекитүү маселеси боюнча бир пикирге келе албай жатышат.

Нидерланд, Дания, Австрия, Финляндия жана Швеция коронавирустан көбүрөөк жабыркаган Испания, Италия өңдүү өлкөлөргө каражат берүүнүн шарттарын катаалдатуу керектигин билдиришүүдө.

ЕБ жетекчилиги сунуштаган планга ылайык, каражаттын көпчүлүк бөлүгү жабыркаган өлкөлөргө грант катары берилет. Бирок Нидерланд баштаган беш өлкө бөлүнө турган акча насыя болушу керектигин билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий