• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ЕБ Россияга каршы санкцияларды жарым жылга узартты

Дүйнө 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Европа биримдигине мүчө мамлекеттер Украинадагы конфликтке байланыштуу Россияга карата санкцияларды дагы жарым жылга узартууну макулдашканын Твиттердеги баракчасына жазды. Жарым жыл мурун жарыяланган санкциялардын мөөнөтү 31-июлда аяктайт.

ЕБ жетекчилиги Москва 2015-жылы Россия, Украина, Франция жана Германиянын лидерлеринин Минскидеги сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимди аткарууга жетиштүү күч жумшабай жатат деп эсептешет.

Аталган уюм Россияга каршы экономикалык санкцияларды 2014-жылы жарыялаган. Санкцияларды АКШ, Канада баштаган бир нече мамлекет да киргизген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий