• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Эч ким тоскоол боло албайт. Жапаров Кумтөр маселеси боюнча Женевада өткөн сүйлөшүүлөр жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 03.10.21. /Кабар/. Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр кыргыз тараптын сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында болуп өттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстандын атынан төрт киши барды.

"Жыйынтыгын келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт

Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып. “Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз.

Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып, бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?

Эл колдоп турса болду. Казып жатабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт", - деп жазган мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий