• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эч кимдин Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга укугу жок — президент Жапаров

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /кабар/. «Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле, шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш. Эч кимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга укугу жок», — деп белгиледи бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселесин кароо учурунда.

Мамлекет башчысы төмөнкүдөй белгиледи:

«Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Урматтуу чакырылгандар!

2019-жылы коронавирустук инфекциянын пандемиясы башталган.

Пандемия мамлекеттик башкаруунун дээрлик бардык тармактарында көп жылдардан бери орун алган жана чечилбей келген көйгөйлөрдүн баарын ачыкка чыгарды.

Жылдар бою көйгөйлөрү чечилбеген элибиз, мамлекеттин натыйжасыз башкаруусу, өз жарандарына болгон тоготпогондук мамиле, элементардык социалдык маселелердин чечилбегендиги бизди туңгуюкка алып баратканын өз көзү менен көрдү.

Көптөгөн жарандарыбыз карантиндик чектөөлөр учурунда жумуш орундарын жоготуп, кирешесинен айрылышты.

Ишкерлер менен инвесторлор миллиондогон жоготууларга дуушар болушту, алардын айрымдары кыйроолорго учурап, өз жаны менен бүт финансылык каражаттарын жумшаган бизнестерин жабууга аргасыз болушту.

Пандемиянын натыйжасында Кыргыз Республикасы миңдеген адамдык жоготууларга учурады.

Бул орду толгус жоготуу Кыргызстандагы дээрлик ар бир үй-бүлөгө гана тийбестен, чыныгы жалпы улуттук кайгыга айланды.

Менин жаным менен жүрөгүм пандемиянын курмандыктарына элибиз менен бирге терең кайгы тартат.

Ушул кайгылуу окуяларга карабастан, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Шайлоо учурунда мыйзам талаптары одоно бузулуп, парламентке бийликке жакын партияларды өткөзүш үчүн административдик ресурстун бардык күчү пайдаланды.

Бул, бийликтин позициясын бекемдөө, кайра эле кезектеги үй-бүлөлүк–кландык башкаруу режимин орнотуу жана Жогорку Кеңешке элдин эмес, кожоюндун каалаган эркин аткара турган тил алчаак депутаттарды алып келүү максатында атайын жасалган иш болду.

Мыйзамдын ачыктан-ачык тебеленип-тепселиши массалык баш аламандыкка жана үчүнчү революцияга алып келди.

Жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн чиновниктердин тобу бийликти узурпациялап, басып алганына эл чыдай алган жок.

Ошол адилетсиздикти көрүп, дагы бир жолу алданганына түшүнгөн эл баарын өз колуна алууну чечип, чыныгы эрки кандай экенин, кандай келечекти каалап жатканын көрсөтүү үчүн көчөгө чыгышты.

Бир муштумга биригип, үчүнчү жолу биз адилетсиздикке чыдабай турганыбызды далилдей алдык.

Мына ошондуктан, алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биздин элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн келечекти аныктоодо маанилүү тарыхый ролго ээ.

Бул шайлоону укуктук талаада гана ачык-айкындуулук жана демократиялык принциптерди сактоо менен өткөрүү, Кыргыз Республикасында кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн орун алганынын көрсөткүчү болот.

Таза жана ачык шайлоо өткөрүү — бүткүл дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанда демократиянын доору чындап башталгандыгын, бизде мыйзамдын үстөмдүгү орнотулган — укуктук мамлекет экенибиздин белгисин берет.

Бул өз кезегинде бизнесмендер үчүн биздин эшигибизди дагы кенен ачып, өлкө экономикасына инвестицияларды тартууга шарт түзөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо — бул биздин жарандарыбыздын өз эркин билдирүүгө болгон конституциялык укугу.

Бул биздин мамлекеттин демократиялык негиздери кармалып турган түркүктөрдүн бири.

Эч ким биздин элге өзүнүн эркин каалагандай билдирүү укугун пайдаланууга жана анык элдик депутатты тандоого тыюу сала албайт.

Мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон, элдин эркин өзүнүн каалоосунан өйдө койгон жана өзүнүн ишинде мамлекеттин кызыкчылыктарын гана жетекчиликке алган депутатты тандоосу керек.

Биздин жарандардын тандоосунан саясий келечек гана эмес, биздин мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсү дагы көз каранды болот.

Дал ушул учурда ар бир жаран ким алардын кызыкчылыктарын коргой алаарына, ким чындыгында алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргой турганына өзү үчүн тандоо жасашы керек.

Өз кезегинде бийлик органдары шайлоо элдин чыныгы эркин чагылдырышы үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Биз шайлоону, депутаттыкка койгон бардык талапкерлер, саясий күчтөр, көз карандысыз байкоочулар жана бардык дүйнөлүк коомчулук жана биринчи кезекте биздин шайлоочулар тарабынан таанылгыдай деңгээлде өткөрүүгө милдеттүүбүз.

Мен, шайлоо мыйзамдарын бузууга жана административдик ресурсту колдонууга жол бербөө максатында ушул жылдын 1-ноябрында „Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыкка кол койдум.

Бул Жарлыкта мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалын депутаттыкка талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына пайдаланууга түздөн-түз тыюу салган ченемдер камтылган.

Аны менен бирге шайлоо мыйзамдарын бузган кызмат адамдарын ээлеген кызматынан кечиктирбестен бошотуу тууралуу тапшырма коюлган.

Мен, тиешелүү мамлекеттик органдар шайлоо мыйзамдарын бузууга кандай болбосун аракеттерге токтоосуз жана ыкчам чара көрүүсү, күнөөлүү адамдарды тийиштүү тартип, жазык жана башка жоопкерчиликке тартуусу жөнүндө бир нече жолу айтып келем.

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын кол алдындагы адамдардын бири дагы шайлоо процессине кийлигишпеши керек.

Ага жол берилбейт.

Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле, шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш.

Эч кимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга укугу жок.

Бул өзгөчө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо өтө маанилүү.

Тилекке каршы, айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок.

Алар мурдагыдай эле кызматтык укуктарын пайдаланып, кайсы бир депутатка же саясий бирикмелерге жардам бере алабыз деп ойлошкон.

Өзүңүздөр жакшы билгендей, мындай кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдардын негизинде чара көрүлүп, айрымдары ээлеген кызматынан кечиктирилгис түрдө бошотулду.

Бул көрүлгөн чараларды туура деп эсептейм!

Чыныгы демократиялык жана таза шайлоо мыйзамдын үстөмдүгү жана анын талаптарын кынтыксыз сактоо принциптерине негизделиши керек.

Дагы бир жолу белгилеп кетем, мамлекеттик чиновниктер, уюмдар, жарандар жана башкалар үчүн мыйзамдын талаптары бардыгына бирдей.

Өзүңүздөр көрүп турасыздар, шайлоо процессине кийлигишүү фактыларына бөгөт коюу иштери бардык деңгээлде жүргүзүлүп жатат.

Мындай иштер Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитети менен Ички Иштер Министрлиги тарабынан шайлоочуларга таасир этебиз деп ойлошкон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата дагы жүргүзүлүп жатат.

Биз мындай фактыларга чечкиндүү, оперативдүү жана эффективдүү түрдө бөгөт коебуз.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Бүрсүгүнү шайлоо өткөрүлөт.

Мен талапкерлерди жана саясий партияларды ак ниеттүү жана ачык болууга чакырып кетем.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо сиздердин ортоңуздардагы күрөш, кызмат жана бийлик үчүн күрөш болбошу керек.

Шайлоого жана өлкөнүн келечегин аныктоого мындай мамиле кылсак, биз бардыгын уттурабыз, биздин өлкө уттурат жана акыркы жыйынтыгында биз улутту жана биздин балдарыбызды өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратабыз.

Бул шайлоодо сиздер:

— Кыргызстанда Мыйзам биринчи орунда турганын;

— биздин өлкөнүн, биздин элдин келечегине сиздер кайдыгер мамиле кылбайсыздар;

— элдин өз каалоосун эркин билдирүүсү „куру сөз эмес“, демократиялык жана ачык мамлекетти куруу үчүн негиз экендигин көрсөтө аласыздар деп ишенем.

Мен Президенттик кызматка киришкенде шайлоо мыйзамдарынын айрым ченемдерин карап чыгуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды бергем.

Жаңы Конституция жана мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр биздин мамлекетте башкаруунун жана чечимдерди кабыл алуунун таптакыр жаңы системасын курууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин элдин кызыкчылыгын коргоо иштеринин багытында мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын ишин күчөтүү керек.

Ошондуктан, шайлоону өткөрүүдө депутаттыкка талапкерлер мыйзамдарды жана мамлекеттик органдарын ишин оптималдаштырууга, чет өлкөлүк жана ички инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарга, калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга, республикалык бюджетти толтурууга жана экономикалык өнүгүүгө багытталган өзүнүн саясий программасына гана таянуу менен шайлоочулардын добушу үчүн ат салышуусу керек деп эсептейм.

Мына ушундай мүнөздө мамлекет талапкерлердин чыныгы турмуштук жана амбициялык саясий программаларына таянуу менен коомдогу биримдикти бекемдей алат, биздин экономиканы андан ары өнүктүрүп, биздин жарандардын жыргалчылык деңгээлин жогорулата алат.

Бардык талапкерлердин жана саясий бирикмелердин эл алдындагы өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүүсү жана өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту сактоо үчүн бардыгын жасоо абдан маанилүү экенин мен баса белгилеп кетем.

Ушуну менен кыскача кириш сөзүмдү аяктайм».

Пикир

Оставить комментарий