• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Эдельвейс” полигонунда тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу жыйындары өттү

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. “Эдельвейс” полигонунун базасында тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу жыйындарынын активдүү фазасы өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага КР Коргоо министрлигинин бардык кошуун, бөлүк жана мекемелеринин нускоочулары тартылды.

Жыйындын негизги максаттары - тоодогу тоскоолдуктарды жеңүү боюнча билимди жана көндүмдөрдү өркүндөтүү, окутуу бөлүмдөрүндө нускоочулардын тоолуу даярдыктын негиздерин үйрөтүү боюнча методикалык чеберчилигин жогорулатуу, жалпы дене тарбиялык жана моралдык сапаттарын көтөрүү.

Активдүү фазанын жүрүшүндө аскер кызматчылары нускоочулардын жетекчилиги астында түйүндөрдү түйүүнү, камсыздоочу системаны даярдоону, таштак жана чөптүү тоо беттери аркылуу жүрүүнү, ошондой эле, жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, аларды ташып жеткирүүнү ишке ашырды.

Пикир

Оставить комментарий