• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Эдил Байсалов балдарды ымыркай кезинде эле багып алууга уруксат берүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 26.09.24 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдар үйүндөгү балдарды энесин күтпөстөн, ымыркай кезинде эле асырап алууга берүүнү министрлер кабинетине караштуу майыптыгы бар адамдардын иши боюнча кеңештин жыйынында сунуштады.

“Мен балдар үйү боюнча өзүнчө айткым келет. Баланын энеси ымыркайын балдар үйүнө таштагандан кийин баланы багууга мүмкүнчүлүгү жаралганда алып кетет деген практикадан арылышыбыз керек. Эгер сага кыйын болсо, бала башка үй-бүлөгө берилиши кажет. Азыр кандай, биз баланы үч жашка чейин кармайбыз, андан кийин аны башка мекемеге которобуз, мында баланын психикасы жабыркашы мүмкүн. Энелер балдарын таштап кеткенде биз анын туугандарын, чоң ата, чоң апасын издеп баштайбыз. Ал эми канчалаган үй-бүлө бала асырап алуу үчүн кезекте турат. Ошондуктан биз баланы энеси таштап кеткен учурда туугандары алып кетпесе ымыркай кезинде эле асырап алуучуларга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Биз баланын кызыкчылыгын “эненин кайгысынан” жогору коюшубуз зарыл”, - деди Байсалов.

Ошондой эле ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды биздин мекендештер багып алууну каалабаса, анда чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты. Анткени алар балдарды дарылап, тарбия берип багып алышат.

“Биз балдарды чет өлкөдө сатып жиберет дегенден коркпой ар бир бала үй-бүлөдө өсүүсү керек деген багытта иштешибиз керек. Баланын кызыкчылыгы баарынан жогору. Биздин мыйзам муну айтып турат”, - деп белгиледи Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий