Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мектеп жашындагы балдардын санариптик көз карандылыгы боюнча кеңешме өткөрдү.
Эдил Байсалов белгилегендей, жагымсыз интернет-контент жана гаджеттерден көзкарандылык көйгөйүнүн актуалдуулугу талашсыз.
«Биз гаджет жана смартфондордун ашыкча пайдаланылышы осүп келе жаткан муундун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын жакшы түшүнөбүз. Мектеп окуучулары ата-энелерине баш ийбестен, агрессия пайда болуп, айрым учурларда жагымсыз кесепеттерге алып келүүдө. Мамлекет бул багытта так иштерди алып баруусу зарыл», - деди Байсалов.
Ал кошумчалагандай, келечек муунду тарбиялоо прораммасын иштеп чыгуу керек, анда аталган багыттар боюнча мамлекеттик органдардын конкреттүү иш-чаралар планын киргизүү зарыл.
Өз кезегинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маселени натыйжалуу чечүү үчүн ата-энелердин катышуусу маанилүү экендигин билдирди.
«Мектепте интернетти колдонууда чектөөлөр бар, ата-энелер үчүн эскертмелер иштелип чыккан, анда гаджеттердин баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жазылган. Бирок биз ар бир үй-бүлөгө келип, кооптуу сайттарды жаап, баланын мектептен сырткары эмне кылып жатканын текшере албайбыз. Ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл буруп, смартфон жана гаджеттерге карай убактысын чектеши керек. Ар дайым ата-эненин көзөмөлү керек»,- деди билим берүү жана илим министринин орун басары.
Талкуунун жыйынтыгында Эдил Байсалов мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпарыса Рысбековага бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесине ылайык өсүп келе жаткан муунду коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Пикир
Оставить комментарий