Эдил Байсалов БУУнун делегациясы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Саясий жана тынчтык орнотуу иштери боюнча департаментине караштуу Тынчтыкты курууну колдоо башкармалыгынын тынчтык курулушун каржылоо секторунун башчысы Брайан (Жеймс) Уильямс менен жолугушту.

Эдил Байсалов өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ийгиликтери, экономикалык өсүштүн жогорку деңгээли, өлкөнүн приоритеттүү багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мындан аркы амбициялуу пландар тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2030-жылга чейин глобалдык өнүктүрүү Күн тартибине ылайык, 2023-жылы өлкөдө Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) алдыга жылдыруудагы оң динамика белгиленди. Тактап айтканда, Кыргызстан ТӨМдөрдү ишке ашыруу боюнча дүйнөдөгү 169 өлкөнүн ичинен 45-орунга чыкты. Республика дүйнөдөгү 193 өлкөнүн ичинен 117-орунду ээлеп, адамдык өнүгүү деңгээли жогору мамлекеттердин категориясына кирди.

БУУнун Саясий жана тынчтык орнотуу иштери боюнча департаментинин Тынчтыкты курууну колдоо башкармалыгынын башчысы Брайан (Жеймс) Уильямс өз кезегинде меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлгөн жолугушуулар тууралуу айтып берди.

Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде адамдык капиталды мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, билим берүү чөйрөсүндөгү маселелерди, экологияны талкуулашты.

Мындан тышкары, коомдук ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоодогу актуалдуу маселелер, заманбап тенденциялар жана чакырыктар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий