• 87
  • 90.63
  • 0.79

Эдил Байсалов БУУнун Калк фондунун аймактык директору Флоренс Бауэрди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) аймактык директору Флоренс Бауэр менен жолугушуу өткөрдү.

Эдил Байсалов ЮНФПАга өлкөдөгү калкты каттоону өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар «Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүү чынжырын чыңдоо» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууну белгилешти, анын аркасында дары-дармек менен камсыз кылууга мониторинг жасоо жана көзөмөлдөө тутуму киргизилип жатат, ошондой эле бул тармакты жөнгө салуу үчүн ченемдик укуктук база иштелип жатат.

Флоренс Бауэр ЮНФПАнын Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташтыгын жогору баалап, фонддун өлкөнү калкты жана адамдык капиталга инвестициялоо тармагында мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий