Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды.

Эдил Байсалов аны ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө дайындалышы менен куттуктап, кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ал белгилегендей, Кыргызстан ЮНИСЕФтин социалдык саясат жаатындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалайт.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов ЮНИСЕФке Ирак жана Сириядагы согуштук аймактардан балдарды кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал балдар менен иштеген социалдык кызматкерлердин, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга туш болгондор, эмгек мигранттарынын балдары, ата-энесинин камкордугусуз жана майыптар менен иштеген социалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатууда, ошондой эле репатриацияланган балдарды реабилитациялоодо уюмдун колдоо жана көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, мындан ары натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жана балдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Жунг Тапа балдарды коргоо жана колдоо боюнча мындан аркы жемиштүү ишке даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий