• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эдил Байсалов JDS долбоорунун стипендианттары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов JDS (Japanese Development Scholarship) долбоору боюнча Япониянын жогорку окуу жайларына окууга тандалып алынган стипендианттары менен жолукту.

Жолугушууга ошондой эле министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки катышты.

Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программанын алкагында Япониянын университеттерине быйыл 20 мамлекеттик кызматкер жиберилет.

Өз сөзүндө минкаб төрагасынын орун басары Япониянын өкмөтүнө бул программа үчүн ыраазычылык билдирип, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бүгүн биз стипендианттарды 18-жолу жөнөтүп жатабыз. Бул сиздер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк жана жоопкерчилик, баа жеткис билимге жана тажрыйбага ээ болуу үчүн мамлекеттин чыныгы белеги. Өлкөбүз экономикалык өсүштү көрсөтүү менен стабилдүү өнүгүү баскычында турат. Мамлекетибиздин мындан аркы ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн бизге күчтүү, кесипкөй лидерлер керек жана Япониядан кайра кайтып келип, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошосуздар деп ишенебиз”, – деди Эдил Байсалов.

Өз кезегинде Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жана достукту мындан ары да өнүктүрүүгө ниетин билдирип, ал JDS стипендиантынын ээлерине окууларында ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий