Эдил Байсалов: Кыргызстан жумушчу күчү жетишсиз көрүнүшкө туш болууда

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Кыргызстан жумуш орундарынын көбөйүшүнө байланыштуу өлкөдө жумушчу күчү жетишсиз болуп жаткан көрүнүшкө туш болууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Deutsche Welle каналына интервью берип жатып айтты.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикасы өсүүдө. Өлкөнүн экономикасынын көтөрүлүшү ИДПнын өсүшүнө байланыштуу, мамлекеттик кирешелер 2,5 эседен ашык өстү. Мунун баарына коррупцияга каршы сөз менен эмес, иш жүзүндө ак ниет жана абийирдүү күрөштүн аркасында жетиштик.

"Чынында биз жакыр өлкө болууга өкүм кылынбаганыбыз белгилүү болду. Эл биздин өлкөдө ыңгайлуу жашай аларына ынанды. Тышкы мигранттардын санын 300 миңге кыскарттык, анткени бүгүнкү күндө экономикабыз жумуш орундарын түзүүдө. Жана алардын баары атаандаштыкка жөндөмдүү, жагымдуу, ал тургай жумушчулар жетишсиз болгон көрүнүшкө туш болушууда, айрыкча курулуш тармагында. Жада калса Түштүк Азия үчүн жагымдуу өлкөгө айланып баратабыз. Биз алардын биздин жарандарыбыздын жумушун уурдап кетпеши үчүн көзөмөл жүргүзүп турабыз, бирок бизге эмгек мигранттары керек болот", - деди Байсалов.

Чиновник муну таптакыр башка доор деп атады.

Пикир

Оставить комментарий