• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Эдил Байсалов "Кытай – Борбордук Азия" 11-кызматташтык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Нинся-Хуэй автономдуу районунун Иньчуань шаарында өткөрүлгөн “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумуна катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө бул иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук мамилелердин тереңдешине жана кеңейишине жаңы динамика кошоорун белгиледи.

Минкаб төрагасынын орун басары 11-форумдун “Жалпы үй куруу үчүн жашыл экономиканын өнүгүүсүнө көмөктөшүү” темасынын актуалдуулугун белгилеп, жашыл экономиканы өнүктүрүү туруктуу келечектин зарыл элементине айланып баратканына көңүл бурду.

“Кыргызстан карызды “жашыл экономикага” алмаштыруу механизмин күчөтүүнү жана кеңири жайылтууну, ошону менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен азыраак өнүккөн өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардам берүүнү сунуштайт. Кыргыз Республикасы өзүнүн улуттук саясатын ишке ашырууда климаттык маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана жашыл өнүгүү принциптерине таянып, 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралитетине жетүү боюнча амбициялуу максатты коюп жатат”, - деди Эдил Байсалов.

Кыргыз делегациясынын башчысы ошондой эле Кыргызстанда 2027-жылы пландаштырылган “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин 2023-2027-жылдарга” жана “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Муну менен минкаб төрагасынын орун басары өз сөзүндө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору боюнча маселелерди биргелешип илгерилетүү, ошондой эле масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов “Кытай менен Борбордук Азиянын кызматташтыгынын жетишкендиктери” фотокөргөзмөсү менен таанышып, 11-кызматташтык форумунун аллеясында көчөт отургузуу аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий