• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Байсалов: Мамлекет майыптыгы бар жарандардын абалын жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.24./Кабар/. Бишкекте президенттин администрациясы “Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетине караштуу майыптыгы бар жарандардын иши боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, бүгүнкү жыйын министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, башкармалыктардын башчылары гана эмес, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышып жатканы менен айырмаланып жатат.

“Биз майыптыгы бар жарандардын маселелелерин биргелешкен аракеттер менен чечүү жолдорун таба аларыбызга ишенем. Албетте, майыптыгы бар адамдардын көптөгөн суроолору ишти талап кылат, ошондуктан биз сиздер менен акырындан алдыга жылууга аракет кылабыз”, - деди Байсалов.

Ошондой эле ал майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоо жана жашоо шартын жакшыртуу мамлекеттин социалдык саясатынын негизиги милдеттердин бири экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий