Эдил Байсалов “Мектептер-2030” III глобалдык форумунда сөз сүйлөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте өтүп жаткан “Мектептер-2030” III глобалдык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Форум Ага Хан фондунун глобалдык тармагынын активдүү катышуусу менен уюштурулуп, 25тен ашык өлкөдөн 200дөн ашык билим берүү тармагынын өкүлдөрүн чогултту.

Иш-чара “Климатка туруктуулук үчүн мугалимдин лидерлиги: биздин планетанын туруктуу келечегин түзүү үчүн билим берүүнү жана системалык мамилелерди трансформациялоо” урааны астында өтүп жатат.

"Биз жаш муундарга туруктуу жана коопсуз коомдорду курууда жигердүү катышууга мүмкүндүк берүүчү билим, көндүм жана баалуулуктарды берүүгө милдеттүүбүз. Кыргызстан уланып жаткан климаттык өзгөрүүлөргө өзгөчө аялуу болуп саналат, бул өз кезегинде өлкөнүн жана бүтүндөй аймактын экономикалык жана социалдык туруктуулугуна таасирин тийгизет. Биз билим берүү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө негизги ролду ойноорун түшүнөбүз, анткени балдар жана жаштар бизди экологиялык туруктуулуктун жакшы келечегине алып барат. Ошондуктан билим берүү тутумдары балдарды жана жаштарды академиялык билимдерди гана эмес, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана азайтуу үчүн көндүмдөрдү жана баалуулуктарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсү абдан маанилүү", - деди өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Эдил Байсалов белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан масштабдуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат, өлкө президенти Садыр Жапаров "Алтын казык" жаңы мамлекеттик программасын ишке киргизди.

Программа билим берүү системасын трансформациялоого багытталган, ал бир нече блокторду камтыйт:

  • мектепке чейинки билим берүүнү күчөтүү;
  • 12 жылдык билим берүү системасына өтүү;
  • STEM предметтери боюнча жаңы муундагы окуу китептерин сатып алуу.

"Бул программа жакынкы жылдарга адамдык капиталды инвестициялоо боюнча эң амбициялуу максаттарды коёт. Биздин максат – Кыргызстандын балдарына дүйнөлүк деңгээлдеги билимге жана көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, өз дараметин толук ишке ашыруусу керек. Алар дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Программа “Алтын казык” деп аталды, анткени адамдык капиталга инвестиция биздин башкы жылдызыбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий