• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Эдил Байсалов: Президент элдин басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болду

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Учурда мамлекет башчысын элдин басымдуу көпчүлүгү колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттык" радиосунда сүйлөп жатып билдирди.

"Эки жыл мурун ага ишенбегендер дагы учурда анын туура иш-аракетине ынанышты. Азыркы бийлик мамлекеттин кызыкчылыгын гана көздөп, элибиздин жашоо деңгээлин көтөрүүдө. Анын ичинде Кемпир-Абаддын ишинде мамлекеттик кызыкчылыктар болгон", - деди ал.

Байсаловдун айтымында, азыркы учурда абал турукташкан, бирок эки жыл мурун бул чечим кабыл алынарда абал башкача болчу. Чек ара боюнча чечимди негизсиз создуктурууга гана эмес, андан да чоң соккуларга алып келиши мүмкүн болгон жана өлкөнүн акыркы жылдардагы өнүгүүсүнө түздөн-түз коркунуч туудурган чагымчыл жана массалык баш аламандыктардын аракеттерине бөгөт коюу зарыл болгон. Ал кездеги бирден-бир туура чечим тартипти камсыз кылуу болгон, буга эл да ынанган.

Пикир

Оставить комментарий