• 87
  • 90.63
  • 0.79

Эдил Байсалов президенттин атынан "Айданек" борборунун балдарын жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0


Бишкек, 31.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы "Айданек" турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциалоо борборунда тарбияланып жаткан балдарды президент Садыр Жапаровдун атынан жаңы жылы менен куттуктады.

Минкаб төрагасынын орун басары балдарга жаңы жылдык таттууларды, белектерди тапшыруу менен мамлекет ар бир балага кам көрөрүн белгиледи.

"Биз силерди жакшы көрөбүз жана ар бириңер бизге керексиңер. Силердин мекениңер, өлкөбүз Кыргызстан. Силерди өз өлкөңөрдө эч ким капа кылбайт, мына бул жердеги тарбиячы эжелерден тартып, баарыбыз силерди ар дайым колдойбуз жана кам көрөбүз", -деди Эдил Байсалов.

Келген конокторго борбордо тарбияланып жаткан балдар "Кар ханышасы" жомогун, ырдап-бийлеп, жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Белгилей кетсек, "Айданек" турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциалоо борборунда бүгүнкү күндө 3 жаштан 18 жашка чейинки социалдык жактан коргоого муктаж болгон ата-энеси жок же зордук-зомбулукка кабылган 44 бала тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий