• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Эдуард Ауэр Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысы болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 20.09.18 /Кабар/. Эдуард Ауэр Европалык биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысы болуп дайындалды. Ал ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырып, өз милдеттерин аткарууга киришти.

Жолугушууда алар учурдагы саясий диалогду, тереңдетилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча макулдашуу процессин талкуулашты. Өнүктүрүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулап жатышып тараптар кызматташтыктын маанилүү секторлорундагы (билим берүү, айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүү жана башка) түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз жумушка кызыгууларын тастыкташты.

Андан тышкары тараптар аймактык күн тартибин талкуулашты. Көбүнчө аймакты мындан дагы коопсуз кылып, өнүктүргөн Борбордук Азиядагы кызматташтыкты бекемдөө жана алдыга жылдыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди талкуулашты. Элчи Ауэр Европа биримдигинин республикадагы адам укуктарын жана демократияны бекемдөө процесстерин колдоого болгон кызыгуусун тастыктады.

Ал: “Мага ушундай керемет өлкөдө ишке киришүү жагымдуу. Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы мамилелер тыгыз жана көп пландуую Евробиримдик өлкөнүн бийлиги жана элдери менен республиканын өнүгүүсүнө салым кошуу жана мамилелерди бекемдөө үчүн иштейт”, - деди.

Элчи буга чейин Брюсселде тышкы байланыштардын европалык кызматынын Батыш Балкан боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген. Андан мурда Европа биримдигинин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болгон.

Пикир

Оставить комментарий