• 87
  • 90.41
  • 0.84

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Чолпон-Атага келди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мясникович 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Мындан улам Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет.

Пикир

Оставить комментарий