ЕЭК: Өнөр жайдагы биргелешкен кооперативдик долбоорлорго каржылык жардам көрсөтүлөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Евразиялык экономикалык комиссия биринчи жолу ЕАЭБдин өнөр жайдагы биргелешкен кооперативдик долбоорлоруна финансылык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, ЕАЭБ жөнүндө келишимге киргизилген жаңы өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Муну менен ЕЭК биримдиктин бардык мамлекеттеринин потенциалын пайдалануу менен кызматташуу чынжырларын түзүүгө багытталган эң маанилүү биргелешкен демилгелерди колдоо укугуна ээ болду.

“Бул иш-чара интеграцияны тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт. Инструментти жүзөгө ашыруу өнөр жайды технологиялык жактан өнүктүрүүгө, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жана чакан экономикалардын жаңы жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүүсүн камсыз кылууга көмөктөшөт”, - деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Гоар Барсегян.

Ошондой эле министр биримдиктин өлкөлөрүнө жаңы механизмди илгерилетүүгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий