• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте бир катар иш-чаралар өтөт – программасы

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. 31-августта Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкек шаарынын райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:

Свердлов району:

  • 29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү өтөт;
  • 31-август күнү саат 08:00дөн баштап Каражыгач токоюнда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.

Октябрь району:

  • 31-августта Көк-Жар айылында концерт жана спорттук оюндар уюштурулат.

Биринчи май району:

  • 31-августта Ак-Босого жаңы конушунда “Этникалык шаарча” уюштурулуп, боз үйдүн ички, тышкы жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин району:

  • 31-август саат 16:00 Ю. Фучик көчөсү, 18а үйүнүн жашоочулары үчүн оюн аянтчасында иш-чара өткөрүлөт, ар кандай оюндар уюштурулуп, ал майрамдык концерт менен коштолот;
  • 31-августта саат 10:00дө "Люкс" эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда;
  • 31-августта саат 15:00дө Ала-Тоо конушунда балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш өтөт;
  • 31-август күнү саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;
  • 31-августта саат 17:00дөн 22:00гө чейин Азия-Молл соода борборунун фасадында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;
  • 31-августта саат 11:00дө "Ынтымак" жаңы конушунда шаар тургундарынын катышуусунда концерт болот;
  • 31-августта саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектисинин кесилишинде шаардык "Диалог" маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий