• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эгемендүүлүк күнүн утурлай спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. 28-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин алкагында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат оюндары, ат чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш боюнча оюндар болот. Ага республиканын бардык аймагынан спортчулар катышат.

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий