• 87
  • 90.41
  • 0.84

Египеттеги мелдеш: Мээрим Жуманазарова чейрек финалда атаандашына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинин чейрек финалында атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Жуманазарова болгариялык Юлиана Яневаны эки упай артыкчылыгы менен жеңип, чейрек финалга чыкты. Анда америкалык Форрест Энн Молинари менен кармашып, 3:6 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Эгер америкалык спортчу финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий