• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Египеттин президенти Кыргызстан элин жана Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 28.06.23. /Кабар/. Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

"Мааниси зор болгон Курман Айт майрамына карата Египет өкмөтүнүн жана элинин атынан Улуу Урматтуу Сизге жана боордош кыргыз элине зор кубаныч менен эң жылуу куттуктоолорумду жолдойм, Жараткандан биздин эки элибизге жана бүткүл мусулман үммөтүбүзгө жакшылыктарын жана соопторун берүүсүн тилейм.

Диний мааниси терең Курман Айт майрамы учурунда дүйнө жүзүнөн миллиондогон мусулмандар чогулуп, ыйык ажылыкка барып, Алла Таалага берилгендигин жана кебелбестигин көрсөтүшөт жана бүткүл адамзатка биримдиктин жана бир туугандыктын руханий кайрылуусун таратышат. Мына ушул рух мындан ары да биздин аракеттерибизди мусулман үммөтүнүн үмүт-тилектерин ишке ашырууга багыттайт деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо катында.

Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстанга - мындан ары алгалай берүүнү жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий