• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Екатеринбург – Тамчы багыты боюнча аба каттамдарын жандандыруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу М.Тентимишов "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын башкы директору С.Скуратов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, тактап айтканда, Екатеринбург – Тамчы багыты боюнча авиакаттамдарды кайра жандандыруу маселелерин талкуулашты. "Урал аба жолдорунун" башкы директору бул каттам келерки жылы ачылат деп үмүтүн билдирди. Себеби компания азыр учуу географиясынын көбөйүшүнө байланыштуу авиапарктын жетишпешсиздигине туш болууда.

Тараптар "Урал аба жолдору" туристтик, экономикалык жана маданий иш-чараларды өткөрүүдө Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун өнөктөшү катары чыгууга макулдашты.

Маалымат үчүн: "Урал аба жолдору" россиялык эн чон 10 авиакомпаниялардын катарына кирет. Компаниянын аба паркында 52ден ашык учак бар, алардын орточо жашы 12 жыл. Авиакомпания Россиянын шаарларына, КМШ өлкөлөрүнө жана алыскы чет өлкөлөргө үзгүлтүксүз каттамдарды жүргүзөт. Учуу географиясы 200дөн ашык багытты камтыйт. Кольцово, Домодедово, Курумоч жана Баландино аэропортторунда аба кемелерин тейлөө борборлору бар.

Пикир

Оставить комментарий