Екатеринбургда кыргыз-орус региондор аралык IX конференциясы өз ишин баштады

Экономика 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. 8-июндан тарта Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз-орус региондор аралык IX конференциясы өз ишин баштады. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чараны КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен РФнын Экономиканы өнүктүрүү министрлиги биргеликте уюштуруп жатат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеген Кыргызстандын делегациясындагы көптөгөн ишкерлер жолугушууларга, тегерек үстөлдөргө катышат.

Аталган жыйындын алкагында бүгүн эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форуму, ишкер айымдардын эл аралык кызматташуусу боюнча форум өтөт.

Ал эми 9-июнда кыргыз-орус региондор аралык тогузунчу конференциясы өз ишин кеңири баштайт.

Анда Кыргызстандын экономика министри Д. Амангелдиев менен РФнын экономиканы өнүктүрүү министри М. Решетников сөз сүйлөшөт. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана РФ аймактарынын жетекчилери чыгып сүйлөшүп, ар бири өз аймактары менен биргеликте кызматташуу боюнча пикирлерин ортого салышмакчы.

Конференциянын алкагында төмөндөгү макулдашууларга кол коюлат:

1. Россия өкмөтү жана Кыргызстандын министрлер кабинети ортосунда балык чарба тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууга Россиянын балык чарбасынын башчысы И. Шестаковжана КР экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиев кол коюшат.

2. Россиянын жана Кыргызстандын почта операторлорунун компетенциясына негизделген Почта жана логистикалык кызматтарды өнүктүрүү боюнча макулдашууга Мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары менен өз ара аракеттенүү департаменти «Россия почтасы» ААК башчысы Р. Абрамян жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Р. Абдиев кол коюшат.

3. РФ Курган облусунун Шадринск шаары менен КР Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга Шадринск шаарынын мэри А. Мокан жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыков тарабынан кол коюлат.

Андан соң, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тегерек үстөлдөргө катышып, анда ЕАЭБ алкагында региондор аралык кызматташуунун укуктук базасын иштеп чыгуу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек аралар жана региондор аралык өнүктүрүүнүн программасын даярдоо боюнча жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ички чек ара аймактарында биргелешкен региондор аралык долбоорлорду колдоого зарыл финансылык инструменттер жөнүндө талкуулар, пикир алмашуулар болот.

Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эки өлкөнүн адистеринин санарип тармагында кызматташуусу, жаштарга санарип билим берүү багытындагы маселелер да ортого салынат.

Мындан тышкары, туризм тармагында тажрыйба алмашуу жана инфраструктураны жакшыртуу, Кыргызстан менен Россиянын региондорунун туристтик потенциалынын бет ачары, тейлөө жана туризм чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды колдонуу, тейлөө жана туризм тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүнө санариптик экономиканын таасири, туристтик агымдарды алмашууларды жолго салуу боюнча талкуулар дагы болот.

Ошондой эле гуманитардык багытта иш алып баруу боюнча дагы эки мамлекеттин көптөгөн тиешелүү адистери, кызматкерлери ой пикирлерин ортого салышып, керектүү чечимдерди кабыл алуу боюнча иш аракеттер көрүлөт.

Кыргызстандан барган делегацияны Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий