Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Монтенегродо өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 2 коло медалга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 54 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев жана 92 кг чейинки салмак категориясында Тыныстан Алыбаев 3-орунду ээлешти.
Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Пикир
Оставить комментарий