• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эки кыргыз тасмасы “Азия Оскарына” көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 15.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” жана Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукулдун “Атанын керээзи” тасмалары “Азия Оскарына” көрсөтүлду. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында билдирилген.

Белгиленгендей, 26-ноябрда Брисбен (Австралия) шараында Азия-Тынч океан киноакадемиясынын 11-сыйлыгын тапшыруу салтанаты өтөт. Анда Азия-Тынч океан аймагынан 70тен ашуун өлкөнүн мыкты тасмалары көрсөтүлөт.

Бул сыйлык эл аралык сыйлыктар арасында жыл маанилүүлүккө ээ болууда. Кинематография чөйрөсүндө “Азия Оскары” деп аталат.

“Атанын керээзи” тасмасы мыкты сценарий сыйлыгына, ал эми “Кентавр” маданий көп түрдүүлүк сыйлыгына ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий